АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ – пейзаж жанрынын бир түрү; табигый чөйрөдө, живопись менен графикада чыныгы же элестетилген архитектуранын сүрөттөлүп берилиши. Архитектуралык пейзажда архитектура менен жаратылышты бириктирүүгө жол берген аба жана линиялык перспектива чоң роль ойнойт. Архитектуралык пейзажда ведута деп аталган 18-к-дагы перспективалык көрүнүштөрдү бөлүп көрсөтсө болот (мис., Венецияда Франческо Гварди, Бернардо Беллотто, Антонио Каналетто, Россияда Ф. М. Матвеев). Буга антика жана орто кылым урандылары тартылган пейзаж түшүрүлгөн курулуштар жана вилла, чарбак, парк ансамблдери кирет. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн М. Өмүркуловдун «Совет аянты», У. Ахуновдун «Ижор заводу. Ленинград», «Шахимардан», А. Турумбековдун «Кечки Ленинград» ж. б. сүрөттөрү мисал.

У. Ахунов. Чор-Минор мечити.