АРХИТЕКТУРАЛЫК ОРДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИТЕКТУРАЛЫК ОРДЕР – классикалык стилде курулган имараттардын жана курулмалардын көркөм-конструкциялык системасы. Ал эки бөлүктөн турат: көтөрүп туруучу элементтер (капителдүү колонна, база) жана көтөрүлүүчү элементтер (антаблемент., архитрав, фриз, карниз ж. б.). Архитектуралык ордер о. Египет, Ассирия-Вавилония, байыркы Персия зодчийлигинде пайдаланылган. А. о-дин классикалык тиби Байыркы Грецияда храмдарды ж. б. коомдук имараттарды курууда калыптанган. А. о-дин негизги түрлөрүнүн аталышы дорий, ионий, коринф, тоскан байыркы грек урууларынын жана жерлеринин атынан алынган. Таштан жасалуучу А. о-лер жыгачтан ашталган түркүк-устун констр-лык системанын негизинде пайда болуп, бара-бара туруктуу элдик салтка айланып кеткен. Алсак, дорий ордеринин прототиби катары саман, камыш (кийин черепица) чатырлуу тамдын конструкциялык түзүлүшү алынган. Ионий ордеринин пайда болушуна жалпак чатырлуу турак жайдын курулушу себеп болгон. Арх-ра тарыхында дорий, ионий ордерлери 5-6-к-дан, ал эми Коринф ордери 4-к-дан белгилүү. Кийинчерээк ионий жана коринф ордерлеринин кошулмаларынан композициялык ордер чыккан. Ордерлик системаны колдонуу чоң имараттардын конструкциялык формасын жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзгөн.