АРХИЕПИСКОП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИЕПИСКОП--(архи... жана епископ) – жогорку мартабалуу диний титул; христиандык чиркөө иерархиясындагы жогорку (3-чү) даражадагы дин кызматкери. Автокефалдык жана автоном чиркөөлөрдүн өкүлдөрүнө тиешелүү. Россия православ чиркөөсүндө митрополиттен төмөн. Адабияттарда алгач А. титулу 4-к-дынорто чендеринде кездешет. Епископ Милетий Ли-копольский ыйык Александр Александрийскийди А. деп атайт. 5-к-дан А. аталышы кеңири кездеше баштаган. Патриархаттардын түзүлүшү менен автокефалдык чиркөөлөрдүн башкаруучулары жана епископторду патриарх же папа титулу менен катар эле А. деп атай башташкан. 21-к-да Константинополь (Жаңы Рим архиепискобу), Грузия (Мцхет жана Тбилиси архиепискобу), Сербия (Печьархиепискобу) жана Румыниянын (Бухарест архиепискобу) патриархтары А. титулуна ээ.