АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР– адам баласынын турак жайлары (алгачкы адамдардын турагы, алар жашаган үңкүрлөр, кийинки доорлордогу кыштакчалар, шаар калдыктары), колдонгон буюмдары (эмгек жана согуш куралдары, кийим-кече калдыктары, ат жабдыктары, идиштер), өндүрүш ишмердигин чагылдырган жерлер (кол өнөрчүлүк, тоо-кен ишканалары), көркөм өнөрүн чагылдырган эстеликтер (кооздук буюмдары, аска таш бетине, териге, металлга түшүрүлгөн сүрөт-оюулары), өлгөн адамдын сөөгү коюлган жерлер, маркумга тургузулган эстеликтер (көрүстөндөр, күмбөздөр, балбалдар, кенотафтар, менгирлер), диний ырым-жырымдар аткарылуучу жерлер (храм, мазар, мечит), эпиграфикалык эстеликтер (ташка, жыгачка, металлга ж. б. түшүрүлгөн жазуулар), нумизматикалык табылгалар (тыйындар), атайын жерге көмүлгөн кенчтер ж. б. Алар археол. маданий катмарда сакталат. Кырг-нда А. э-дин бардык түрү кездешет.
К. Табалдиев.