АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАЗУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАЗУУЛАР– адамзат коомунун чарбасын, мад-тын, үрп-адатын тарыхый изилдөө максатында тургун жайларды, көрүстөндөрдү, шаар урандыларын, адамдар жашаган жердин байыркы маданий катмарларын иликтөө б-ча жүргүзүлгөн иштер. А. к-ды атайын археол. мекемелер (ил.-из. ин-ттары, ун-ттердин археол. кафедралары, музейлер ж. б.) жүргүзөт. А. к. жана изилдөөлөр KP УИ Анын тарых ин-ту тарабынан берилүүчү "Ачык барак» («Открытый лист») деген документтин негизинде ишке ашырылат. А. к. кеңири аянтта жүргүзүлүп, ар бир чарчы метр жер өтө кылдаттык менен казылат. А. к. мезгилинде табылган буюмдарды так жана туура каттоо (жазуу, сүрөткө тартуу, сызуу ж. б.) талап кылынат. Негизинен маданий катмар, курулмалар, адамдардын жана жаныбарлардын сөөктөрү, өсүмдүктөрдүн жана дандын калдыктары изилденет. Кырг-нда А. к. иштери 19-к-дын аягында башталган (к. Археология).