АРХЕГОНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХЕГОНИЙ (гр. arche – башталыш жана gone -төрөлүү, туулуу) – мамык чөп, плаун, кырк муун,папоротник жана жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн энелик жыныс органы. А-дин төмөн жагы көп клеткалуу, жазы, анда ири энелик клетка, анын үстүндө канал клеткасы жайгашкан. Жогору жагы моюнчасы деп аталат. Анда моюн канал клеткалары жайгашат. Энелик клетка жетилгенде төмөнкү жагы менен моюнча канал клеткалары аттракнат деп аталган жыныс клеткалуу былжырга айланат. А. чоку жагынан ачылат. Былжырлуу канал аркылуу сперматазоиддер энелик клетканы уруктандырат. Мындай өсүмдүктөр А-лүү өсүмдүктөр деп аталат. Эволюция процессинде А. жөнөкөйлөнүп отуруп, гүлдүү өсүмдүктөрдө болбойт.