АРУБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРУБА– Нидерланддын өзүн-өзү башкаруучу аймагы. Кариб деңизинин түш. бөлүгүндөгү арал Вест-Индияда. Кичи Антил а. архипелагынын түш.-батышында жайгашкан. Ылымта аралдар тобуна кирет. Ичке кысык аркылуу (туурасы 29 км) Венесуэладан бөлүнөт. Аянты 193 км2. Калкы 119,4 миң (2020; калк батыш жээгинде жыш отурукташкан); калкынын 75%ке жакыны европалыктар менен кариб индейлеринин аралашуусунан пайда болгон метистер. О. эле папьяменто (креол тилинде сүйлөйт), голландцар (5%), вест-индиялык креолдор (Латын Америкасынан

чыккандар), кытай, еврейлер да жашайт. Негизинен католик (82%), калгандары протестант (9%), мусулман ж. б. диндерин тутат. Адм. борбору – Ораньестад ш. Расмий тили – нидерланд тили. Акча бирдиги – аруба гульдени. Арал жанар тоодон пайда болуп, шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Жеринин бети негизинен тегиз, аскалуу дөңсөөлөр да кездешет. Бийикт. 188 мге чейин (Яманота тоосу). Тайыз булуңдары бар. Климаты субэкватордук. Айлык

Арубанын таза ак кумдуу пляжы.


орт. темп-расы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 600 мм. Дарыялары жок. Кактус, ксерофиль дарагынын бир нече түрү, бадалдар өсөт. Ички дүң продукциясынын көлөмү 2,26 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 21,8 миң доллардан (АКШ; 2004) туура келет. Экономикасынын негизин туризм (жылына 600 миң турист келет; 2001-ж. 899 млн доллар киреше берген) түзөт. Жагымдуу климаты менен кооз пляждары жана таза суусу туристтерди өзүнө тартат. Офшордук банк бизнесинин мааниси зор. Нефть ажыратуу (Синт-Николастагы з-д, жылына 21 млн т) өнөр жайы, тиричилик товарлары өндүрүшү, тамеки, суусундук з-ддору бар. Электр станциялары мазут менен иштейт; 2007-ж. 850 млн кВт-c электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сууну тузсуздандыруучу дүйнөдөгү эң ири з-д иштейт. Аймагынын 10,5% гана иштетилет. Климатынын кургактыгына байланыштуу тикенектүү өсүмдүктөр (негизинен фармацевтика үчүн алоэ) жана жашылча (сугарылма) өстүрүлөт. Кой, эчки асыралат. Балык кармалат, деңиз продуктулары даярдалат.
Автомобиль жолунун уз. 800 км (анын ичинде 513 кми' асфальтталган). Темир жолу жок. Башкы деңиз порттору: Синт-Николас, Ораньестад, Баркадера. Эл аралык аэропорту (Ораньестадга жакын) бар. Сыртка алоэ, нефть продукциясын чыгарып, сырттан нефть, азык-түлүк (малдын) алат. Чийки зат (нефть; Венесуэладан), машина курууга керектүү продукция, автомобиль, тиричилик товарларын, жер семирткич да алат. Heгизги соода шериктери: АКШ, Нидерланд, Улуу Британия.
Ад.: Аруба//Страны мира. Краткий политико-экономический справочник. М., 1997.

Р. Карачалова.