АРТЫКБАЕВ Мелс Табалдиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТЫКБАЕВ Мэлс Табалдыевич (29. 12. 1939- ж. т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Корумду айылы) – философ, филос. илимд. доктору (1986), саясат таануу илимд. доктору (2006), проф. (1988), KP УИАнын корр. мүчөсү (2010). КРдин илимге эмгек сиң. ишмери (1994), 1967-ж. КМУнун тарых ф-тин бүтүргөн. 1967-71-ж. ФПИде окутуучу, 1973–82-ж. КМУда улук окутуучу, доцент, 1982–94-ж. ил. коммунизм жана саясат таануу кафедрасынын башчысы (1982–87), 1994-жылдан философия ф-тинин деканы. 270ден ашык ил. эмгектин (анын ичинде 15 монография) автору. Анын эмгектери саясат теориясына, проблемаларына, улут арасындагы мамилелерди изилдөөгө багытталган.
Эмг.: Политическая система в «открытых» и «закрытых» обществах. Б., 1998; Политология (наука о политике и власти). Б., 1999.