АРТИЛЛЕРИЯ
АРТИЛЛЕРИЯ(фр. artillerie – даярдоо, жабдуу) – I) кургактагы аскерлердин бир түрү; артиллериялык куралдардын жыйындысы;
артиллериялык куралдардын түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү жана колдонуу жолдору ж-дөгү илим.
Миномёттук реактивдүү түзүлүштөр, курал-жарактар жана танкага каршы реактивдүү снаряддар менен жабдылган кургакта уюштурулган аскердик бирикме, бөлүк. А-нын карамагында транспорт, чалгындоо, байланыш, сүйрөө каражаттары жана ок атууну башкаруу приборлору болот. А. ок атуучу бардык куралдарды, согуштук техникаларды, адам күчтөрүн, коргонуу курулуштарын ж. б. объекттерди жок кылууга, о. эле жалпы аскердик бөлүктөр менен бирикмелердин коштоосу аркылуу душмандарга сокку урууга багытталат. Уюштурулушу б-ча аскердик бирикмелердин, бөлүктөрдүн, бөлүкчөлөрдүн курамына кирген аскердик артиллерияны түзөт да, ал корпустук, дивизиялык, полктук жана батальондук болуп бөлүнөт. Аскердик А-нын карамагына кирбеген А. Жогорку Башкы командачынын резервинде турат. Максаттары жана куралдын түрү жагынан А. гаубицалык, замбиректик, раективдик, зениттик жана миномёттук болуп бөлүнөт. А-нын атайын (танкага каршы, тоолуу жерге ылайыкталган жана казематтык) түрлөрү да бар. Аскер-деңиз флотунда артиллерия кеме А-сы (анын ичинен зениттик) жана жээк А-сы болуп айырмаланат. Аскер-аба күчтөрүндө А-лык куралдар согуш самолётторуна орнотулуп келген, азыр алар ракета куралдары менен алмаштырылган. Миномёт жана реактивдүү түзүлүштөр кубаттуулугу б-ча жеңил, орто, оор, чоң жана абдан кубаттуу А. болуп бөлүнөт. От менен тутандырылып атылуучу куралды биринчи жолу 13-к-дын аягы – 14-к-дын башында арабдар пайдаланышкан. Орустар А-ны 1382-ж. Москваны Тохтамыш хандын чабуулунан коргоодо колдонушкан. 14–15-к-да Европанын бир катар өлкөлөрүндө А. куралдарын куюп жасоо өздөштүрүлүп, алар көбүнчө жез менен колодон жасаган. Согуш куралдарын колодон куюу аларды жасап чыгарууну тездетүүгө жана анын конструкциясын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. I- жана 2-дүйнөлүк согуштардын жүрүшүндө Европанын бардык өлкөлөрүндө оор А., анын ичинен гаубица системасындагы А. түзүлө баштады. Согуштан кийинки ж-да ядролук зарядцар менен дүрмөттөлгөн снаряддар пайда болду. А-ны атууга даярдоо, аны башкаруу процесстери автоматташтырылды жана механикалаштырылды. Матем., физ., химия, кибернетика, электроника илимд. жетишкендиктеринин негизинде А. илими өнүктү.