АРТЕЗИАН СУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТЕЗИАН СУУЛАРЫ--(лат. Artesium – Франциянын Артуа деген провинциясынын атынан) – суу өткөрбөөчү катмарлардын арасында жайгашып гидравликалык басым менен жер астында жаткан суулар. Ал суулардын үстүндө жайгашкан суу өткөрбөс тоо тек катмары тешилгенде, А. с. өйдө көтөрүлөт А. с-нын пьезометриялык деңгээли жер бетинен жогору болсо, суулар жер үстүнө өзүнөн өзү агып же атылып чыгып турат.
А. с-н жер үстүнө чыгаруу үчүн бургулап казып, көзөнөк (көзөнөк же кудук) артезиан кудугу жасалат. Ал

Артезиан бассейинин схемалык түзүлүшү: I- суу өткөрбөөчү катмарлар; 2- суу чогултуучу катмарлар; 3- дарыя чөкмөлөрү; 4- суу деңгээли; 5- булактар; к -суу чогултуучу аянт; Б - сууну тышка агызып чыгаруучу аянт; AK – акпас (суу насос менен чыгарылуучу) кудук.


калкты таза суу менен камсыз кылууда, сугат иштеринде, минералдуу сууларды алууда пайдаланылат. Мындай А. с. жер үстүнө чыгарган көзөнөкчөлөр Кырг-ндын Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндө кеңири пайдаланылат. А. с. көбүнчө антропоген мезгилине чейинки тоо тектерде жайгашат.