АРСТАНБЕК Буйлаш уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСТАНБЕК Буйлаш уулу (1824, Ысык-Көлдүн Сырты, Эки Нарын жери – 1878, Ысык-Көлдүн тескейи, Чычкан конушу; сөөгү Жуукудагы Таш-Кыя бейитине коюлган) – ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. «Замана» агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Эл ага «булбул» деген атак берген. Ал бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Атасы Буйлаш бийдин токолу Төрөкандан төрөлүп, кой кайтарып өсөт. Ушундан улам анын чыгармаларында турмуш-тиричилик жагдайлары карапайым адамдардын көз карашынан чагылдырылган. Арстанбек ырчы катары 16 жашында таанылган. Ал Фергана тарапта бир жылча жүрүп, Наманган, Анжиянды аралап,

АРСТАНБЕК 31.png


көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, акындык өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерине чоң ырчы атыгып кайткан. Акындын чыгармаларын жыйноо маселесине 1920-ж. көңүл бурулуп, 1922-ж. К. Мифтаков Каракол жана Нарын уездинен жыйнап келип, ИАнын Кол жазмалар фондуна өткөргөн, азыр да сакталып турат. Арстанбектин чыгармачылыгында орчундуу теманы замана ырлары түзгөн. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген «Тар заман» да үзүндү түрүндө колго тийген, көптөгөн, санат термелери белгисиз бойдон калган. «Тар заман» акындын турмуштук, коомдук-социалдык көз карашынын жыйындысы болуп саналат. Бул чыгарма бир мезгилде эмес, болжолдуу түрдө 1852–70-ж. түзүлүп, калыптанган. «Тар замандын» өзүнө таандык обону, комуз күүсү, аткаруу манерасы, кайрык-кайталоолору бар. Бирок форма жагынан дидактикалык чыгармага окшоп турганы менен өз алдынча жанрдык өзгөчөлүккө ээ. Бекеринен «кара ыр» аталып жүрбөсө керек. Санат, терменин чегинде калбастан, мазмуну, камтыган объекти кеңири, замана заңы, калктын келечеги сыяктуу коомдук, социалдык маселелерди козгоп, терең ой жүгүртүшү менен айырмаланат. Арстанбектин чыгармачылыгынын күрдөөлдүү, көркөм өнөрдүн эң бийиктикке көтөрүлгөн учурун

Арстанбектин күмбөзү.

падыша өкмөтүнүн бийлиги кыргыз жергесине орногон мезгилде жараткан чыгармалары түзөт. Алсак, «Тар заман» – акындын турмуштук жана социалдык көз карашынын жыйындысы, автордун өз позициясы. Арстанбектин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү кенен, жанрдык-мазмундук жагынан ар түрдүү. Ал кошок, арман, санат, терме, керээз сыяктуу ар кыл багыттагы ырларды, поэмаларды жараткан. Арстанбек айтыш өнөрүнүн да ири устаты болгон. Чыгармачылык багыты жагынан нускоочу ырчылардын тобуна кирет. «Төштүк», «Кожожаш», «Чоро» («Шоро»), «Бердикожо жалгызым», «Беш казак» сыяктуу эпос-поэмаларды, «Көкөтөйдүн ашын» чебер аткарган деп айтышат. Бирок, анын айтуусундагы эпикалык чыгармалардын биринин да тексти бизге жеткен жок. Ал 500гө жакын күү чертип, анын 200гө жакыны өзүнүн төл чыгармасы болгон деген кеп бар. «Арстанбектин арман күү», «Кербез», «Солтонсары», «Кет бука», «Aт чубатар ботой» аттуу залкар күүлөрү чоң комузчулардын репертуранынан орун алган. Көптөгөн кыргыз, казак ырчы, комузчулары менен беттешип жеңип чыккан. Кыргыз маданиятынын тарыхында Арстанбектин мурасы чоң из калтырган. Ал чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (19-к-дын акыры – 20-к-дын башы) кыргыз төкмө акындарына жана күүчүлөрүнө зор таасир тийгизген. Анын улуулугу – өз доорунун курч проблемаларын козгоп, элдин турмуш жагдайы, келечек тагдыры, коомдун социалдык абалы ж-дө терең ой жүгүртүүсүндө. Тилекке каршы, залкар акындын чыгармачылыгы эскичил ырчы катары сындалып, иликтөө, изилдөө алкагынан четтетилип, чыгармалары жыйналбай, акын туура баасын албай келди. Арстанбектин мурасына кайрылуу 1990-ж. гана колго алына баштаган. 1994-ж. «Арстанбек» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ушул эле жылы улуу акындын 170 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленип, Нарын р-ндагы Эчки-Башы, Эмгекчил жана Миң-булак айылдары чектешкен жерге Арстанбектин күмбөзү тургузулган.
Ад.: Джамгирчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века. Ф., 1986; Кебекова Б. Арстанбек (Адабий мүнөздөмө). Б., 1994; Арстанбек. Б., 1994. Б. Кебекова.