АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ Бабаш-Ата кырка тоосундагы Арстанбап (Кара-Үңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Ош обл-нун Базар-Коргон р-нунда. Арстанбап кыш-на жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки (Чоң ж-a Кичи Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң

шаркыратманын жалпы бийикт.

Арстанбап шаркыратмасы.


200 мдей, үч баскычтан турат. Cyy аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш каньонду пайда кылат. Кооздугу жагынан Кичи Арстанбап шаркыратмасы айрыкча көңүлдү бурат; бийикт. 20 мдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Acкалардын бети жашыл эңилчектер менен капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун (мөмө-жемиш токою ж. б.) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып калды.

С. Байгуттиев.