АРПА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПА (Hordeum) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Анын 30дай түрү бар. Эгилме А. морфол.-геогр. жана биология-экол. өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 түргө бөлүнөт: эгилме, кидик, Эфиопия А-сы. Ал чачык тамырлуу, сабагы көндөй, 4- 7 муунактуу, бийикт. 30-35 смден 130-135 смге чейин. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Топ гүлү – кылкандуу машак. Өзү менен өзү чаңдашып, гүлдөө мезгили билинбей өтөт. Чополуу топуракта жакшы өсөт.

АРПА 26.png


Мөмөсү – дан. Биол. өзгөчөлүктөрүнө карата жаздык жана күздүк болуп бөлүнөт. Сортуна, эгилген аймагына жараша жаздык А-нын вегетация мезгили 55-110 күнгө созулат. Күздүгү буудайга караганда суукка байымсыз, ысыкка, кургакчылыкка чыдамдуу. Данында суу, белок, углевод, клетчатка, күл элементтери бар. Дыйканчылыкта көбүнчө эки же андан көп (төрт, алты) кырдуу А. эгилет. Данынан акшак, ун даярдалат, о. эле баалуу тоют концентраты алынат. Анын данынан алынган продукт (мальцэкстракт) текстиль, кондитер, фармацевтика өндүрүшүндө жана пиво жасоодо колдонулат. Кыргызстанда негизинен жаздык А. (Комбайнер, Дружба, Нарын-27, Нутанс-970 ж. б. сорттору) эгилет. Илдеттери: чаңдак кара көсөө, катуу кара көсөө, А. даты, тамыр чириги ж. б. Зыянкечтери: данчы коңуз, чегиртке, гессен чымыны, зым сымал курттар ж. б.
Ад.; Трофимовская А. Я. Ячмень. Л., 1972.