АРКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКОЛОГИЯ, экологиялык архитектур а – шаарды пландаштырууда шаар калкынын экол. ж-a социал.-экон. муктаждыктарын толук эске алган арх-ранын жаңы багыты. Шаарларда жагымсыз экол. абал (чөйрөнүн уулуу заттар, таштанды ж-a өнөр жай газдары, смог ж. б. менен булганышы) түзүлүп, шаардыктар оору-сыркоого көбүрөөк чалдыгат. Ошондуктан А. калкты табиятка жакындатууга (турак жай массивдерин жашылдандыруу, эс алуу зоналарын, парк, фонтан ж. б. рекреациялык объектилерди түзүү) аракет кылат. О. эле имараттарды курууда курулуш материалдарынын сапатына көңүл бурулуп, адамдардын коопсуздугу сакталат.
Ад.: Вронский В. А. Экология. Словарь-справочник. Ростов-на-Дону. 2002.

Б. Үсөнканов.