АРИД ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИД ӨСҮМДҮКТӨРҮ (лат. aridus – кургак) – ным жетишсиз аймакта (чөл, жарым чөл) өсүүгө ылайыкташкан өсүмдүктөр. Алар аба темп-расы суткалык жана жылдык кескин өзгөргөн, жаан-чачын жаабаган же өтө аз жааган шартта өсөт. Негизинен тропик жана субтропик алкактарда кеңири таралган. Ксерофиттер жана галофиттер кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Физиол. байырлануунун негизинде транспирация', азыктануу, фотосинтез, дем алуу ж.б. физиол. процесстер өзгөрөт. Тез ысып кеткенде өсүмдүктүн субмикроскопиялык структурасы акырындап бузулуп, узакка созулган ысыкта белогу да бузулат. Өсүмдүктө анат. жана морфол. өзгөрүштөр (жалбырактын кичирейиши, түктүүлүк, мом катмары ж. б.) байкалат. Көпчүлүк өсүмдүктөр­дүн уругу да ысыкка чыдамдуу келет. А. ө-нүн ар кандай байырлануу жолдору маданий өсүмдүк сортторун чыгарууда селекцияда пайдаланылат. Ад.: Вент Ф. В мире растений. Пер. с англ. М., 1977; Жизнь растений, Т 1-2. М., 1976..