АРИСТОКРАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИСТОКРАТИЯ (гр. aristos – мыкты жана кратия – бийлик, мыктылардын бийлиги) – 1) бийлик уруулук ак сөөктөргө таандык бол­гон мамл. башкаруу формасы. «А.» деген сөз 1-жолу байыркы грек ойчулдары (Платон, Арис­тотель, кийинчерээк Полибий) тарабынан ошол кездеги кулчулук мамлекеттин башкаруу формаларынын бирин белгилөө катары сунуш кылынган. А-лык республиканын үлгүсү катары байыркы грек Спартасы, Рим (б. з. ч. 6–1 к.), Карфаген; о. кылымдардагы Европадагы Вене­ция, Россиядагы Новгород жана Псков республикалары эсептелет. Анда бардык бийлик толугу менен «мыкты» деп саналган «тектүү», адамдар тобунун колунда болгон жана ал мурас катары өтүп турган. 2) Атайын титулдары (граф, барон, князь, чынжырлуу манап, султан, төрө ж. б.), артыкчылыктары (бийлик чөйрөсүнө тикелей катышуучулугу, ири байлык ээси) менен айырмаланган жана аларды укумдан-тукумга, атадан-балага мурастоо укугуна ээ болгон төбөлдөрдүн жогорку катмары (Рим патрицийлери, афиныдагы эвпатрилер, Таунтинсуйу инкилер, көчмөн түрк элдердеги бийлер, султандар ж. б.). Соңку учурда А-нын ролун элита алмаштырууда.