АРИД РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИД РЕЛЬЕФИ– рельеф пайда кылуучу процесстердин таасири астында чөл, жарым чөлдөрдө

жана кургак талааларда калыптанган рельефтин тиби. Ал шамалдын (дефляция, эол-аккумуляциялык), чөл үбөлөнүүсүнүн, убактылуу курул­ган агын суулардын эрозиясынын аракетинен түзүлөт. Дөңсөө, плато, тоо этеги жана тоолорго ариддик денудация жана эрозиядан пайда бол­гон рельефтин (педименттер, бедлендцер, каксоо жерлер) формалары, ал эми түздүктөр менен ойдуңдарга таштуу чөлдөрдүн түрдүү типтери, эол рельефтүү (бархандар, кум дөбөлөрү ж. б.),шортоң жерлүү жана көлдүү чуңкурчактар, такырлар мүнөздүү.