АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич (24. 11. 1918, Ставрополь ш. – 28. 1. 1989, Днепропетровск) – театр сүрөтчүсү, Кыргыз ССР (1962) жана СССР (1967) эл сүрөтчүсү. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында сүрөтчү (1947), башкы сүрөтчү (1949–71) болуп эмгектенген. А. Арефьев «Манас», «Айчүрөк», «Кыз Жибек», «Оптимисттик трагедия», «Жамийла», «Аида», «Чолпон», «Уйкудагы сулуу» ж. б. 79 опера жана балет спектаклин жасалгалаган. Республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык масштабда (Вена, Париж, Лондон, Бразилия) өткөрүлгөн сүрөт көргөзмөсүнүн бир нече жолку катышуучусу. Ал Ленинград академиялык опера жана балет театрында коюлган «Тынч Дон» операсынын, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган «Белгисиз жоокер» ж. б. опералардын жасалгалары үчүн биринчи даражадагы диплом алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута­ты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.
Ад.: Джусупова О.Н.,А. В Арефьев. Ф., 1958.

А. Холминовдун «Оптимисттик тра­гедия» операсына декорациялык эс­киз. 1963.
АРЕФЬЕВ 59.png