АРЕС
АРЕС– грек мифологиясы б-ча жүзү кара, бүлгүн салуучу, эки жүздүү согуш кудайы (адилет согуштун кудайы Афина). Байыркы грек авторлору: Гомер, Каллимах, Овидийлер А-ти грек эмес фракийлик деп эсептешкен. Миф б-ча анын балдары да (Мелеагр, Флегий, Эномай, амазонкалар ж. б.) жапайы, ырайымсыз болуп сүрөттөлөт. А-тин жандоочулары катары чыр-чатак кудайы Эрида жана кан ичкич кудай Энио болгон. Атрибуттары – найза, күйүп турган факел, иттер жана айры куйрук. Овидийдин чыгармаларында А-ти Гера кереметтүү гүлдөн боюнда болуп төрөгөн, ал эми Гомерди Зевс менен Геранын уулу деп айтылат. О. эле Гомер ажайып сулуу Афродитаны сүйүп калган. «Ала жипти аттаган» Афродита жана алардын сүйүүсү, ал гана эмес бул байланыштан туулган балдары – Эрос жана Антерос, Деймос (Үрөй учуу), Фобос (Коркунуч) жана Гармония тууралуу баяндар антикалык авторлордун чыгармаларында арбын кездешет. Европа мад-тында ал Марс деген ат менен белгилүү. Ага арналган скульптуралык эстеликтерди көбүнчө байыркы грек оригиналдарынан римдиктер көчүрүп жасашкан. Аларда А. адатта жаш, күчтүү башына туулга кийген жоокер катары берилген. Мис., «Арес Боргезе», «Арес Людовизи» ж. б. Кайра жаралуу доорундагы живопистик чыгармаларда (С. Боттичелли, П. П. Рубенс, Рембрандт, Д. Веласкес ж. б.) көбүнчө А. менен Афродитанын сүйүүсүнө арналган сюжеттер арбын чагылдырылган.