АРГЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГЫН, гибрид (лат. hybrida – аргын, чалыш) – өсүмдүк сортторун чаңдаштыруудан жана малдын түрдүү породаларын аргындаштыруудан алынган түр. Алынган А-дын көп касиети тукум кууп, чөйрө шарттарына жакшы ыңгайлангандыктан өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү, малдын кунардуулугу, тукумчулдугу кыйла жогорулайт. А-дан баалуу жаңы сорттор, породалар чыгарылат, к. Аргындаштыруу.