АРГУ
АРГУ– 1) 11–12-к. Караханиддер мамлекетине караган азыркы Кырг-н, ага чектеш Казакстан аймактарындагы дубан; 2) Гунндардын курамындагы байыркы уруулардын бири. А-лар Махмуд Кашгари ж. б. тарыхчылардын эмгектеринде Талас өзөнүн бойлогон байыркы Талас, Сайрам ш-н мекендеген түрк тилдүү, көп сандуу байыркы эл экендиги айтылган. Махмуд Кашгари бул топонимди: 1) эки тоо ортолугу; 2) Баласагун жана Тараз, Баласагун жана Исфиджиабдын ортолугундагы жайгашкан шаарлардын жалпы аталышы экендигин жана бул аймакты кийинки мезгилдерде (11-к-га чейин) түрк тилдүү уруулар мекендей баштаганын белгилеген. Жамал Карши (13-к.) А. өлкөсүнө бүткүл Жети-Суу аймагы кирерин жазат. 11-к-дын орто ченинде Жети-Суу аймагынан Мавераннахрга А-лар менен бирге карлук, халадж, тухси ж. б. уруулар көчүшкөн. 1253-ж. Или өрөөнү аркылуу өткөн Гильом Рубрук бул аймактын «Органум» деп аталарын эскерген. Аталган аймак ж-дө Рашид ад-Дин (14-к.) «Жами ат-таварихте» эскерип өтөт. А-лардын чыгыш тегинин башаты Саян-Алтай аймагы менен да байланышы бар экендигин азыркы Тывадагы (Тыва Респ.) Оргу топониминин сакталып калышы тастыктайт. О. эле Оргу Аргу этнотопоним катары Чыгыш Түркстанда да сакталып калган.