АРГОС
АРГОС– Пелопоннес жарым а-нын (түш. Грекия) түн.чыгышындагы байыркы шаар. Калкы 25 миң киши (2011). Б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында эле ири борбор болгондуктан, байыркы акындардын чыгармаларында айрым учурларда бүткүл Грекия А., ал эми гректер аргивяндар деп айтылган. Микен цивилизациясы кыйрагандан кийин A-ту дорийлер мекендеп калышкан. Б. з. ч. 8-6-к-да алардын бийлиги Пелопоннестин түн.-чыгышына тарап, шаар кайрадан гүлдөп-өскөн. A-то монархия б. з. ч. 5-к-га чейин өкүм сүрүп, андан соң демократия орногон.Тышкы саясатында А. менен Спартанын ортосунда жер үчүн күрөштөр болуп турган. Б. з. ч. 229-жылдан Ахей союзуна, б. з. ч. 2-к-дын экинчи жарымынан Римдин бийлигине өткөн. Б. з. 267- жана 395-ж. Готтор тарабынан талкаланган. Бүгүнкү күнү А. Грекиядагы туристтик борборлордун бири. Шаарды археол. изилдөө учурунда Микен дооруна тиешелүү сепилдин, Зевс менен Афины храмынын, 20 миң орундуу театрдын, музейлердин ж. б. калдыктары табылган.