АРГИШТИ I

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГИШТИ I– Урарту мамлекетинин падышасы (б. з. ч. 8-к-дын 1-жарымы), Мену анын уулу. А. 1нин аскага чектирип жаздырган бир нече жазма даректери азыркы мезгилге чейин жеткен (мис., Ассириядагы жана Ван көлүнүн жээгиндеги зоокадагы шынаа сымал жазуулар). А. тууралуу ассириялык жазма даректерде да эскерилет. Анын мезгилинде Урарту Ж. Чыгыштагы күч-кубаттуу мамлекетке айланган. Армениядагы Эребуни (азыркы Ереван ш-нын жанында) жана Аргиштихинили чептери А. 1нин убагында курулган.