АРБАЛЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРБАЛЕТ- (фр. Arbalete, лат. arcus – жаа, ballista – атуучу курал) – тептирге тартылган жаанын потенциалдык энергиясын колдонуп, жебе, таш менен атуучу курал. Анын атуу аралыгы 50–150 м'. Ал болжол менен б.з.ч. 4-к-да Кытайда жасалган, Байыркы Грекияда «гастрофет» деген ат менен белгилүү болгон. 10–16-к-да Европада согуштук А-тер колдонулган. А. жаясы (уз. 1 м) ар кандай жыгачтан, сөөктөн, 15–16- к-да атайын механизм менен атылуучу А-тин жаасы болоттон жасалган. Мындай А-тин сокку күчү 300–500 0 кг болуп, жаа зоот кийимдерди оңой тешкен. О. эле таш жана чоң жебе атуу үчүн жаасы 1,5–2 2 м А. пайдаланылган. Акыркы убак­та А. аңчылык жана спорттук болуп бөлүнөт. Алардын сокку күчү 35–70 кг.