АРАХНОИДИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАХНОИДИТ (гр. arachne – жөргөмүш, желе, eidos – түр) – мээнин же жүлүндүн тор кабыгынын сезгениши. Демейде мээнин жумшак кабынын сезгениши менен коштолот. Ал катуу кармаган жана өнөкөт жугуштуу оорулардын (келте, грипп ж.б) кабылдоосунан, кулак-мурун көндөйүнүн коңулдарынын сезгенишинен, баштын жана омуртка тутумунун мертинишинен кийин, коргошун, мышьяк менен өнөкөт уулануудан болот. Анда мээнин тор жана жумшак кабы катууланып калыңдап, жүлүн суюктугунун айланышы бузулат; баш сөөктүн ички басымы жогорулап, баш ооруйт, кээде талып калат, баш айланат, кулак жакшы укпай, көрүү начарлайт, тең салмактуулук бузулат. Оору күчөсө төшөккө жаткырып, антибиотик жана ооруну басаңдатуучу дарылар берилет. А-тин алдын алуу үчүн ооруларды өз убагында дарылоо керек.