АРАМЕЙ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМЕЙ ТИЛИ – семит тилдеринин тобуна кирген тилдердин бири. Бул тилдеги байыркы жазма эстеликтер б. з. ч. 9-10-кылымдарга таандык. Байыркы мекени – Сирия жана Месопотамиядан Ж. Чыгышка таралып, ал жердеги финикия, еврей, моавит, аккад тилдерин сүрүп чыгарган. Арамей тилиндеги адабияттын дээрлик көпчүлүгү диний мазмунда (мис., Библия жана Талмуддун айрым бөлүмдөрү) болгон. Арамей тили арабдар басып алгандан кийин колдонулбай калган. Ал азыр батыш (малула), борбордук (турайо) жана чыгыш (ассирия) диалектилерине бөлүнөт.