АРАЛАШ ЭКОНОМИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЭКОНОМИКА– экономиканын мамл., кооперативдик жана жеке менчик максатка негизделген чарба жүргүзүү системасы. Дүйнөдө А. э-нын бир нече түрү калыптанган: өнөр жайы өнүккөн АКШ, Улуу Британия,Германия, Япония, Франция сыяктуу мамлекеттер индустриялуу А. э-га өтүүдө; 2) Чыгыш Европа ж. б. өлкөлөрү мамл. коомдук түзүлүштөн соц. аралаш коомго айланууда; 3) Түш.Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жаңы индустриялык А. э-нын өнүгүү процесси жүрүүдө жана алардагы капитал наркында мамл. контролдун ийкемдүү формалары, өнөр жай жана анын тармактары өсүп-өнүгүүдө; 4) Латын Америка өлкөлөрүндө менчиктештирүүнүн темпине карабастан мамл. экономикага аралашуу, макротурукташтыруунун пайдалуулугун өнүктүрүп, активдүү социал­дык саясат жүргүзүү үстөмдүк кылууда.
Өнүккөн өлкөлөрдө көп максаттуу А. э. басымдуулук кылат жана анда жеке, мамл. мен­чик менен катар муниципалдык, кооперативдик ж. б. менчик түрлөрү да өнүккөн. Аталган А. э. түрлөрүн ишке ашырууда аймактык, улуттук жана жерг. шарттарды, элдин ар түрдүү социалл­дык топторунун мүмкүнчүлүктөрүн жана мүдөөлөрүн эске алуу маанилүү.
Кырг-нда капиталы бириккен ишканалар, акционердик коомдор бар. Аларла чет элдик жана мамлекеттер аралык менчик түрлөрүндө өнүгүүдө. А. э-нын максаты – өндүрүш менен байланышта, ил.-тех., инвестициялык жана сервистик тармактарда дүйнөлүк коомдоштук курамына кирүү. Алардагы менчик ээлери өзү иштеп жат­кан мамлекеттин мыйзамдарына жана нормативдик актыларына ылайык иш жүргүзүшөт.