АРАЛАШ ТОЮТ
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛАШ ТОЮТ – сиңимдүү заттарга бай кургак тоют аралашмасы. Концентраттык тоют жана кошумча тоют аралашмасынан атайын рецепт б-ча жасалат. А. т. түрдүү биол. активдүү заттар кошулуп жасалса, жагымдуу жана даамдуу болуп, аш болумдуулугу 20–30 %ке жогорулайт. Малды керек азык зат менен камсыз кылып, түрдүү ыландан сактайт. Ал жасалышы б-ча үч түргө бөлүнөт: толук рациондуу, аралаш жем жана белоктуу-витаминдүү кошунду. А. т-тун курамында 5–8 компонент: арпа, буудай, күнжара, жүгөрү, саман-топон, витаминдүү чөп уну, антибиотик, туз ж. б. бар. Ал майда, орточо жана кесек түрүндө болот. А. т. ун, акшак, бүртүк жана брикет түрүндө даярдалат. Бул тоют мал малдын түрүнө, жашына, чарбалык маанисине, кунардуулугуна жараша өлчөм менен берилет.