АРАГОНИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАГОНИТ (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Хим. формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геол. тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жа­шыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4. С. салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында жана минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер менен акактардын көпчүлүк бөлүгү А. турат.