АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ– Араб халифатынын 8-к-да ислам динин таратуу максатында О. Азия менен Казакстан жергесине жасаган жортуулдары. 633-жылдан тарта бир кылымга созулган жүрүштөрдүн на­тыйжасында арабдар түштүктө Түн. Африканы, батышта Франциянын Бурбон аймагына чейин,чыгышта Синд (Инд) д-на чейинки аймактарды багындырып, империяга айланган. Андан ары арабдар Палестина, Сирия, Ирак, Иран, Афганистанды караткан. Халиф Абд ал-Маликтин, андан соң анын уулу халиф ал-Валид 1нин мезгилинде (705–715) арабдардын О. Азияга жор­туулдары башталган. Атактуу араб кол башчысы, Хорасандын наместниги Кутейба ибн Мус­лим 710–712-ж. Бухара менен Самаркандды, Хо­резмди каратып, 713-ж. Сыр-Дарыядан өтүп, Фергананы жана Шашты (Ташкент) ээлейт. Халиф Умар IIнин мезгилинде 719-ж. арабдар Согдуну басып алышат. 751-ж. июлда Талас өрөөнүндөгү Атлах ш-нын жанында Тан династиясынын аскерлери менен Араб халифатынын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн. Согуштун жүрүшүндө Тан аскерлери чоң жоготууларга учурап, карлуктардын, ж. б. жерг. элдердин колдоосу менен арабдар жеңишке жетишкен. 812–817-ж. арабдар Фергананын борбору Касанды басып алган. 875-ж. халиф ал-Мутамид Саманиддер династиясынан чыккан Наср ибн Ахмедди Мавераннахрдагы бардык провинцияларга наместник кылып дайындайт. Алардын тушунда Мавераннахр жана Фергана аймагы толугу менен Араб халифатына караган. Караханиддердин мезгилинде 960-ж. ислам дини мамл. дин деп жарыяланып, атайын мыйзам менен бекитилген. Натыйжада арабдардын тили, жазмасы, материалдык жана рухий мад-тынын элементтери жерг. элдерге таркаган. Ошол эле учурда жерг. элдер да араб мад-тынын ( к. Араб маданияты) калыптануусуна зор таасирин тийгизген.
Ад.; Ислам. Энциклопедия. А., 1995; Ирмияева Т. Ю.'История мусульманского мира. От Халифата до Блистательной Порты. Урал, 2000.