АРАБАЕВ Чолпонкул Исаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (11), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБАЕВ Чолпонкул Исаевич (17. 9. 1957-ж. т., Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Дөбөлү айылы) – юрист, юрид. илимд. доктору (2005), проф. (2004). КР УИАнын корр.мүчөсү(2010), акад. (2021). КРдин эмгек сиңирген юристи. Юстициянын 3-класстагы мамл. кеңешчиси, КМУнун юрид. ф-тин (1983), Москвадагы СССР ИАнын Мамлекет жана укук ин-тунун аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1983–87-ж. КМУнун юрид. ф-тинде окутуучу, 1991–96-ж. окутуучу. улук окутуучу, до­цент, кафедра башчысы, даярдоо бөлүмүнүн деканы, даярдоо борборунун директору, 1996–2002-ж. КРдин Юстиция министринин орун басары, 1-орун басары, КР Өкмөтүнүн аппаратында адм.-укук департаментинин башчысы, КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, КРдин Премьер-министринин кеңешчиси, КР Өкмөтүнө караштуу миграция жана демография агентствосунун директору, 2002–03-ж. КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, 2003–05-ж. КМЮАнын ректору, 2005–06-ж. КМЮА, КМУ жана КРСУда кафедра профессору, 2006–10-ж. КРдин Мамл. кызмат иштери б-ча агенттигинин Борб. аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы (Чүй, Талас обл. жана Бишкек ш. б-ча) жана ошол эле мезгилде КМУ жана КРСУда кафедра профессору, 2010–12-ж. КРдин Мамл. кадр кызматынын директору, 2012–13-ж. КМУда кафедра башчысы, 2013–17-ж. КР УИАда Башкы окумуштуу катчы, 2017–19-ж. КР УИАнын Социалдык-саясий изилдөө, философия жана укук ин-тунун мамл. башкаруу жана саясий изилдөө, экспертиза бөлүмүнүн башчысы, башкы ил. кызматкер, 2019-жылдан КР УИАнын Саясий изилдөө жана экспертиза борборунун директору. Конституция, жарандык, үй-бүлөлүк, жер жана агрардык укук, о. эле ил.-популярдык эмгектердин (анын ичинде 4 монография, 10 окуу жана окуу-усулдук колдонмо) автору. «Манас – 1000» медалы, КР ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.