АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ (фарсы тилинде аб – суу, ширин — туздуу) Каспий деңизинин батыш жээгинде, Азербайжандын аймагында. Уз. 60 кмге жана туурасы 30 кмге чейин, чы­гыш чети Шахов саяңы аталат. Баткактуу дөбөлөр жана туюк чуңкурдуктары бар күдүрлүү түздүк. Шор жерлер, туздуу көлдөр, нефть жана газ кендери бар. Эфемерлүү жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу (кышында да вегетация жүрөт). Түш.жээгинде Баку ш., түндүгүндө Апшерон курорттор тобу жайгашкан.