АПОСТЕРИБРИ ЖАНА АПРИБРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОСТЕРИБРИ ЖАНА АПРИБРИ (лат. аposteriori – кийинкиден, a priori – мурункудан) – апостериори тажрыйбадан чыккан, ап­риори – тажрыйбадан мурунку жана ага көз каранды эмес билим. А. жана A-ни карама-каршы коюу жаңы мезгилдеги рационализмде ырааттуу туюнтулган, ал тажрыйбалык жол менен алынган кокус акыйкаттан олуттуу айырмаланган эң жалпы жана зарыл акыйкаттан келип чык­кан. Апостериорилик таанып-билүүнүн талдоосу И. Канттын системасында чоң орун ээлеген. И. Канттын философиясында априори коомдук тажрыйбадан чыккан билимге карама-каршы келип, ал тажрыйбага чейин эле пайда болгон деп көрсөтүлөт. Ал туюу, сезүүнүн жардамы менен алынган билимди жалган деп эсептеген.
Г. Т. Ботоканова.