АПИА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПИА– Самоа Батыш мамлекетинин борбору жана жалгыз шаары. Тынч океандагы Уполу а-нын түн. жээгинде жайгашкан. Өлкөнүн тышкы соода порту. Калкы 36,4 миң (2010). Тынч океанды кесип өткөн деңиз жолдор тоому. Кемелер токтоочу жай. Эл аралык аэропорту бар. Европалыктар келгенге чейин (1830) кичинекей кыштак болгон. Порт негизделгенден баштап тез темп менен өнүгө баштаган. Германиянын ээлиги мезгилинде адм. борбор (1899), көз карандысыздыкка ээ болгондон (1962) борбор. 1890-жылдан 1894-ж. чейин шотландиялык жазуучу Р. Л. Стивенсон (Вайлимада жазуучунун күмбөзү, үй-музейи бар) жашаган. Улуттук ун-т (1984- жылдан), Түш.-Тынч океан ун-тинин (1977) карамагында айыл чарба мектеби бар, автомобиль кураштыруу з-ду иштейт. Сыртка копра, банан,
какао чыгарат.