АПЕНДИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПЕНДИ – түрк элдеринин жомокторундагы айлакер, акылман, куудул, чынчыл, адилет адамдын элдик идеалын туюнткан фольклордук баёо чалыш каарман. Апенди Кожо Насреддин, Кожо Насыр Молдо, Насреддин Афанди деген аттар менен кеңири тараган. Анын жүрүм-турумунда, кулк-мүнөзүндө эч кандай жасалмалуулук жок. Ал ж-дө айтылган окуянын көпчүлүгү кыргыздарга оозеки түрүндө тараса, айрымдары басылып чыккан китептер аркылуу белгилүү болгон. Апендинин окуялары жандуулугу, элдин көз карашына дал келгендиги, хан, бек, кожо, мол­до, соодагер, казы, байларды шылдыңдап, карапайым адамдардын мүдөөсүн көздөгөндүгү кыргыз элинин турмушуна сиңип, апендини эл өзгөчө урматтап, жаңы окуялар менен толуктаган. Эл арасында айтылган ар кандай күлкүлүү окуяларды, өткүр, курч сөздөрдү апендинин ысмына ыйгара бергендиктен, апенди жөнүндөгү ү анекдоттордун казынасы байыган.
Ад.: Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1972; Анекдоты моллы Насреддина. Баку, 1962; Каракалпак халк легендалары хам анекдотлары, Нукус-Самаркан, 1962; Анекдоты о Ходже Насреддине, изд. 2. М., 1957.