АОМЫНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АОМЫНЬ, М а к а о Чыгыш Азиядагы ай­мак. Кытайдагы өзгөчө адм. район. Түш. К­ытай деңизинин жээгинде, Сицзян д-нын чатында жайгашкан. Аомынь ж. а-н, Ханьцзыдао (Тайпа), Цзюадао (Колоане) а-н камтыйт. Аянты 24 км2. Калкы 516,2 миң (2010); анын ичинде 95% кытайлар, 3% португалдар. Будисттер 45%, католиктер 7%, 1% протестанттар. Калкынын 46% ке жакыны эч кандай дин тутпайт. Адм. борбору – Аомынь ш. Расмий тили – португал жана кытай тилдери. Акча бирдиги – патакака.
Ай Аймагында байыртадан эле кытайлар отурукташып, Кытай империясынын бир бөлүгүн түзүп келген. 16-к-дын башында 1557-ж. А-нын жээгине кемелер менен португалиялык көпөстөр келишип, Кытай өкмөтүнүн уруксаты менен ижарага жер алышып, бекем фактория түзүшкөн. Андан соң иезуиттер келип, миссионерлик менен гана алектенишпестен, пайдалуу жагы көп жибек сатууга киришкен. Португалия мамлекети А. аймагын сүргүнгө айдалчу жай катары да пайдаланышкан, 1550-жылдын 2-жарымынан португал акыны Л. Камоэнс сүргүндө бол­гон. Англия-кытай согушунан кийин (1840-42) Кытай мамлекетинин начарлашынан пайдаланып, Португалия 1848-жылдан ижара акысын төлөөнү токтотушуп, аймакты ээликке айланткан. 1941-45-ж. Япония басып алган. 1951-ж. Португалиянын «алыскы деңиз провинциясы» деген статус алган. 1987-ж. КЭР менен Португалия өкмөтүнүн биргелешкен макулдашуусунан кийин 1999-жылдын аягынан А. аймагы Кытайга өткөн. Кытай өкмөтү Гонконгдогудай «бир өлкөдө – эки система» саясатын жүргүзүп келүүдө.
Ички дүИчки дүң продукциясы (ИДП) 51,8 млрд долларды (киши баптына бөлүштүргөндө 87,3 миң доллардан туура келет; 2013) түзөт. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү – 87%, өнөр жайыныкы - 12%, а. ч. 1%. 1980-жылдан ИДП тез темп менен өсө баштаган. Ага аймактын геогр. абалы, соода кылууга ыңгайлуу шарттары, өндүрүштөрүнүн экспорттук товарларды чыгарууга багытталышы экспорттук, импорттук товарларга тарифтин жоктугу, салыктын төмөндүгү түрткү болду. Экономикасында калктын 62,3% (анын ичинде 18,3% – өнөр жайда, 29,5% – башкарууда ж-a тейлөө чөйрөсүндө, 27%ти соодада, мейманкана ж-a ресторан бизнесинде, 8,9% финансы сферасында, 8% курулушта, 7% транспорт менен байланышта, 1,3% а. ч-нда) эмгектенет. Экономикасынын негизин – туризм, текстиль буюмдарын, электрондук компоненттерди, оптика, оюнчук жасоо ж. б. түзөт. Туристтерди өзүнө тарткан (жылына 12 млндой турист келет; анын 48% Кытайдан, 39% Сянгандан, 9% Тайвандан) кызыктуу кумар бизнеси (3,7 млрд доллар, ал бюджеттик кирешенин 1/3ин түзөт; 2003) өнүккөн. А. Азиянын негизги офшордук финансы борборлорунун бири. Валютаны либералдаштыруу б-ча мыйзамдуулук капитал ж-a валюта алмаштыруу операцияларын эркин жүргүзүүгө шарт түзөт; 20дан ашык банк (анын ичинде эл аралык ири банктардын бөлүмдөрү), 20дан ашык камсыздандыруу компаниялары иштейт. .
Ун-т (1991-жылдан), Политех, ин-т (1991), Азия эл аралык ачык ун-ти, Туризм ин-ту, Илим ж-a технология жеке менчик ун-ти иштейт. Ама храмы (16-к.), музей, көптөгөн парктар бар.
Темир жол жок. Аомынь ж. а., Ханьцзыдао ж-a Цзюадао а. көпүрө аркылуу байланышат. Автомобиль жолунун уз. 345,2 км (2003). Деңиз порту (А. ж. а-нда). Эл аралык аэропорту (Хань­цзыдао а-нда) бар. Сыртка бут кийим, электро­ника, фарфор, оюнчук, хим. продукциялар, кустардык буюмдар чыгарылып, сырттан сырьё, полуфабрикат, тиричилик товарлары, машина ж-a жабдуу алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Кытай, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Сянган.

Р. Карачалова.