АНШЛЮС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНШЛЮС (нем. anschlus – бириктирүү) – Германиянын Австрияны аннексиялоосуна карата колдонулган термин. Австриялык немецтер Гер­мания империясына кирбестен, Австрия-Венгриянын курамында калышкан. 1934-ж. авст­риялык нацисттердин Австрияны «Үчүнчү Рейхке» бириктирүү аракети ишке ашпай калган. 1938-ж. февралда Гитлер австриялык канцлер Курт фон Шушнингди Берхтесгаденге чакырып, андан Австриянын министрлер кабинетинин курамына нацисттерди киргизүүнү талап кылган. Канцлердин Австриянын көз каранды эместигин сактап калуу аракети колдоого ээ болбой, өлкөдө өткөрүлгөн плебисцит ийгиликсиз аяктаган. 1938-ж. 11–12-мартта фашисттик Гер­мания Австрияны басып алган жана көпчүлүк австриялыктар аны колдошкон. Австриянын көз каранды эместиги 1946-ж. калыбына келтирилип, атайын мамл. келишим б-ча А-ка тыюу салынган.