АНТРОПОНОЗДОР
Jump to navigation
Jump to search
АНТРОПОНОЗДОР (антропо'... жана гр. nosos - оору) – адамга гана таандык жугуштуу (инфекциялык) жана мите оорулар. Алардын козгогучтары эволюция процессинде адам организминде мителик кылууга ыңгайланган. Оору козгогучтарын (бактерия, вирустар, гельминттер ж. б.) өз организминде «ташып» (алып) жүргөн киши оору булагы болуп эсептелет. А-го ич келте, келте, холера, дизентерия, аскаридоз, полиомиелит (баланын шал оорусу), кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, суу чечек, чечек, сакоо, кайталанма келте, безгек, чүчөк ж. б. кирет.