АНТРОПОЗООНОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОЗООНОЗДОР (антропо... жана гр. zoon — жаныбар, nosos – оору, ылаң, илдет), з о о а н т р о п о н о з д о р – адам менен малга жалпы тиешелүү жугуштуу жана инвазиялуу оору, ылаң. Буга туберкулёз, сибирь кулгунасы, бруцеллёз, шарп, кутурма, чума, туляремия, эхинококкоз, трихинеллёз ж. б. кирет. Алардын козгогучу ыландаган же таза малда да болот. Ылаң адам­га көбүнчө малдын кайнатылбаган сүтүн, чала бышкан этин пайдаланганда, ылаңдуу малды бакканда, вет. жардам көрсөтүүдө ж. б. жугат. А-дон айырмаланып зооноздор малдын (бодо мал, кой, эчки, чочко ж. б.) гана ылаңын козгоп, адамга жукпайт. А-дун көбүнүн (тулярере­мия, чума ж. б.) табигый очогу – ылаң чыккан жер. Анда ьлаң козгогуч жаныбарлардын (суур, чычкан, курт-кумурска ж. б.) биринен экинчисине өтүп сакталат. Алдын алуу: А-ду өз убагында аныктап, оорунун очогун жок кылуу, илдеттүү малды бөлүп багуу, вакциналоо, кан сары суусун куюу, карантин чектөө.