АНТОНИЙ МАРК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТОНИЙ МАРК (б. з. ч. 83-30-ж.) – римдик саясий ишмер жана кол башчы. Юлий Цезардын жактоочусу. Цезарь өлгөндөн кийин сенат ага каршы аскерлерин жиберип, 43-ж. А. жеңилет. 42-ж. Октавиан жана Лепид менен бирдикте Бруттун жана Кассийдин аскерлерин талкалап, 2- триумвиратты негиздеген. Андан кийин А. Рим державасынын чыгыш провинцияларын алып, ал жерде чексиз бийлик жүргүзгөн. Египет ханышасы ы Клеопатра менен жакындашып, Клеопатрага жана анын балдарына чоң аймактарды тартуу кылган. Ага нааразы болгон Сенат Клеопатрага каршы согуш жарыялап, Акций кысыгында египеттик флоттун жеңилиши (31-ж.)менен аяктаган. Октавиандын аскерлери Египетке басып киргенден кийин, А. өзүн өзү өлтүргөн.