АНТИБӨЛҮКЧӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИБӨЛҮКЧӨ– өзүнө «түгөй» бөлүкчөлөргө карата масса, жашоо убактысы, спини ж.б. физ. мүнөздөмөлөрү бирдей, бирок алардын өз ара заряддарынын белгилери менен айырмаланган элементардык бөлүкчөлөрдүн тобу. Анын жаратылышта бар экенин 1931-ж. англ. физик П. Дирак теориялык эсептөөнүн негизинде алдын ала айткан. Электрон үчүн чыгарылган релятивисттик кванттык тендеме (к. Дирак теңдеме си.) электр зарядынын белгисине симметриялуу, о о. эле массалуу, бирок электр заряды оң бөлүкчө үчүн туура келген. Ал бөлүкчө электронго карата антиэлектрон (позитрон) деп аталган. Жаратылышта кездешүүчү же жасалма түрүндө алынган элементардык бөлүкчөлөр же алардын А-сү жер бетине келген космос нурларынан бири бирине карата бөлүкчө жана А. болгон оң жана терс мюондор, бөлүкчө жана антибөлүкчө түгөйүн түзгөн терс жана оң пи-мезондор, 1955-ж. биринчи жолу антипротон аныкталып, 1956-ж. антинейтрон ачылган. Бардык элементардык бөлүкчөлөрдүн А-сү бар. Үч элементардык бөлүкчөнүн – фотон, z° жана р°- мезондордун А-лөрү менен бирдей мүнөздөмөлөргө ээ, б. а. алардын айырмалары жок. Лабор-да, ылдамдаткычта бөлүкчөлөр өз ара аракеттенишкенде, табигый шартта космос нурлары Жер атм-сы менен өз ара аракеттенишкенде А. пайда болот.