АНТАРКТИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (11)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИДА– Антарктикадагы материк, дээрлик Түш. уюл тегерегинин ичинде жайгашкан. Аянты 13 975 миң км2. Жээктеринде (уз. 30 миң кмден ашык) булуң-буйтка аз; бийиктиги ондогон метрге жеткен муздуу тик жарлардан турат. Тынч жана Атлантика океандары тараптан Амундсен, Росс, Уэдделл деңиздери материкке кыйла кирип турат. Түш. Америка тарапка кууш Антарктида ж. а. созулуп жатат. А. – дүйнөдөгү эң бийик материк. Муз кыртышынын бетинин орт. бийикт. 2040 2040 м, б. а. калган бардык материктердин бетинин орт. бийиктигинен 2,8 эсе (730 мге) жогору. Материктин муздун астындагы накта бетинин орт. бийикт. 410 м; кыйла бөлүгү деңиз деңг. төмөн жатат. А. башка материктерден зор муз каптоосу менен айырмаланат; материктин аймагынын 0,2 -

0,3% ин (айрым тоо чокулары менен кырка тоолорду, о. эле жээктердеги чакан жерлерди - Антарктида оазистерин) гана муз каптаган эмес.

Антарктиданын жээги.

Муздун орт. калыңдыгы 1720 м, эң калың жери 4300 мден ашык, жалпы көлөмү 24 млн км3. Муз океанга чейин түшүп, Ронна, Росс, Ларсен ж. б. шельф мөңгүлөрүн пайда кылат. Материктин көп бөлүгүн Антарктида платформасы, калганын Анд (Антарктанд) тоолорунун уландысы болгон Антарктида бүктөлүү кырчоосу түзөт; бул эки регионду бири биринен Уэдделл жана Росс деңиздеринин грабени бөлөт. А. таш көмүргө, темир, жез жана коргошунга бай; бром, калай, марганец, молибден; графит, тоо хрусталы кендери ачылган.ган.
А-нын жеринин бети Жер шарындагы эң ири бөксө тоону түзөт. А-ны баштан аяк кесип өткөн Трансантарктида тоолору материкти геол. түзүлүшү жана рельефи б-ча ар башка эки бөлүккө - Батыш жана Чыгыш А-га бөлөт. Чыгыш А-нын борб. бөлүгүн Совет платосу (бийикт. 4000 мгe чейин) ээлейт; ал түндүктү карай жапыздап, Эл аралык геодезия жылы өрөөнүн пайда кылат. Жээк бойлой Королева Мод жери кырка тоосу, Чарлз канзаада тоолору ж. б. жайгашкан. Батыш А-нын жери жалпысынан бир кыйла жапыз, кырка тоолор материктин ички аймактарында (Элсуорт тоолорунун бийикт. 5140 140 мге чейин – материктин эң бийик жери) жана жээк бойлой жайгашкан. Бийик тоолор терең өрөөндөр менен кезектешип жатат. Негизги тоо көтөрүлүштөр – муз астындагы Гамбурцев жана Вернадский тоолору.
Климатынын өзгөчөлүгү б-ча А. үч зонага (бийик тоолуу ички материктик, муз капталы, жээк) бөлүнөт. Ички материктик зона антарктидалык муз тоо платосунун бардык борб. бөлүгүн

АНТАРКТИДА
АНТАРКТИДА. Тектоникалык карта

ээлеп, такай катаалдыгы, Жер шарындагы эң төмөнкү темп-расы, аба ырайынын ачык болушу жана анча катуу сокпогон шамалы менен айырмаланат. Бул зонада кыш айларынын орт. темпрасы –60°Сден –70°Сге чейин. Эң төмөнкү темпрасы –90°Сге чейин болушу мүмкүн (Чыгыш станциясында –88,3°С темп-pa катталган). Муз каптал зонасы ички материктик зонадан түндүктө жайгашып, А-ны жазылыгы 700–800 км келген тилке б-ча курчайт. Мында айлык орт. темпра –30°Сден –50°Сге жетет; төмөнкү темп-ра, материктин ички аймактарынан такай соккон катуу шамал жана бурганак мүнөздүү. Жээк зонасы А-ны ичке тилке б-ча курчап, салыштырмалуу жогорку темп-расы (кышында –8°Сден –35°Сге чейин, жайында 0°Сден 2°Сге чейин) менен айырмаланат; шамалдын ылдамдыгы 50– 60 60 м/сек, айрым учурда 90 м/секга, жетет. Жаан-чачын А-га кар түрүндө гана жаайт (борборунда 30–50 мм, жээктеринде 700–1000 мм). Оазистерине уюлдук чөл тибиндеги ландшафт мүнөздүү. Көлдөрүнүн курамы ар кандай, өтө туздуулары да бар; айрым көлдөрүнүн музу жайында да эрибейт. Орг. дүйнөгө жарды. Өсүмдүк менен жаныбарлары Антарктидалык облуска таандык. Флорасынын көпчүлүгү споралуу өсүмдүктөр – мамык чөп, эңилчек, балыр, козу карын жана бактериялар. Антарктида ж. а-нда гүлдүү өсүмдүктөр, папоротник сымалдар кездешет. A-да учуучу курт-кумурска, кургакта жашоочу сүт эмүүчүлөр, балык жок. Канаттуулардан пингвиндер; муунак буттуулардан кенекуйрук буттуулар ж. б. кездешет. A-да туруктуу жашаган эл жок. Материкте жана ага жакын аралдарда 12 өлкөнүн 40ка жакын (1980) ил. станциялары менен базалары бар. А-нын укук абалы 1959-жылдагы Эл аралык келишим б-ча жөнгө салынат (к. Антарктика).

Ад.: Атлас Антарктиды. М. Л., ГУГК, 1966, т.1,

1969, т. 2; Марков К. К. и др. География Антарктиды. М., 1966; География Антарктиды. М., 1968..

М. Кадыркулов.