АНОШИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОШИН Александр Григорьевич (1878, Нижний Новгород губерниясы, Любянцы кыш. – 1958) – Түш. Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1905–07-ж. Уфа жана Омск ш-нда рев-яга катышкандыгы үчүн Түркстан крайына айдалган. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерге алынып, солдаттардын согушка каршы чыгууларына катышкан. Февраль рев-ясынан кийин Ош ш-нда большевиктердин алгачкы тобун уюштурган. Анын жетекчилиги менен уезддик борбордун большевиктери 1918-ж. Убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатып, Совет бийлигин орнотушкан. Ошол эле жылы мартта РКП (б)нын Ош уезддик-шаардык комитетинин биринчи председатели, Ош уездинин аскер комиссары болуп шайланган. 1918-ж. басмачыларга каршы күрөштү уюштуруп, аны жетектеген. 1919–24-ж. Өзбекстанда жооптуу кызматтарда иштеген.