АНОРТОЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОРТОЗИТ (аты анортит минералынан келип чыккан) лабрадорит, олигоклизит, плагиоклазит – орто жана негиздүү плагиоклаздан турган, габбро тобундагы магма тоотеги. А-тин курамында кошунду катарында пироксен, оливин, магнетит, титаномагнетит ж. б. болот. Өңү ак, боз, күңүрт кара, кээде көк жана көгүш келип, кубулуп турат. А-тин кубулган түрлөрү эстелик жасоо жана имараттарды кооздоо үчүн пайдаланылат.


АНОФтАлЬМ (ап... жанагр. ophtalnios – көз) – бир же эки көздүн жоктугу. Ал көбүнчө көз оор майып болгондо же катуу оорудан кийин аны хирург, операция жолу менен алып таштаганда болот. Айрым учурда тубаса да болушу мүмкүн.