АННАЛЧЫЛАР
АННАЛЧЫЛАР– жыл сайын болгон окуяларды баяндап жазуучу байыркы рим тарыхчылары. А-дын чыгармалары патриоттук багытта жазылгандыгы менен айырмаланган. Алар улуу (б. з. ч. 3–2-к-дын 1-жарымы), ортончу (б. з. ч. 2-к-дын 2-жарымы) жана кенже (б. з. ч. 1-к-дын 1-жарымы) А. болуп бөлүнөт. Улуу А. анналдарды, фасталарды, үй-бүлө хроникаларын, өз көзү менен көргөн кишилердин айтып бергендерин жана өз байкоолорун пайдаланышкандыктан, жазгандары чындыкка жакын болгон. Алар негизинен грек тилинде жазышкан. Улуу А-дан Квинт Фабий Пиктор, Л. Цинций Алимент, М. Порций Катон Старший ж. б. өзгөчө белгилүү. Ортончу А. улуулар пайдаланган булактардан эле пайдаланышкан, бирок баяндоолорун кызыктуу, күлкүлүү окуяларды кошуу (Л. Кассий Гемина), мифтерди түшүндүрүү аракеттери менен (Л. Кальпурний Пизон) күчөтүшкөн. К е нж е А-га Клавдий Квадирагарий, Валерий Анциат, Элий Туберон ж. б. кирет. Ортончу жана кенже А. латын тилинде жазышкан. А-дын чыг-лары бизге чейин келип жеткен.