АНКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКЕР (нем. аnker, түз мааниси – якорь) — омок – имарат, курулманын жана техниканын конструкциялык бөлүктөрүн бекитүүчү тетик. Курулуш тармагында көбүнчө арматурадан, бурамалардан бетондун тулкусуна орнотулуп атайын калтырылып коюлат да, кийинки жалгаштырыла турган конструкция үчүн бекиткич (омок). Арматурадан жасалганы ширетүү менен, бурама анкер буралмалар аркылуу жалгаштырылат; саатты жүргүзүүчү механизмдин якорго окшогон бөлүгү. Аны саат оңдогуч У. Клемент ойлоп чыгарган (1675). Саат жасоодо саат механизминин бир калыпта жүрүшүн камсыздайт; 3) айрым өлкөлөрдө негизинен шарап, суу ташууда пайдаланылуучу (көлөмү 16-50 л) идиш (челек).