АНИЗОТРОПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНИЗОТРОПИЯ (гр. anisos – барабар эмес жана tropos -багыт) – чөйрөнүн физ. (мех., оптикалык, магниттик, электрдик ж. б.) касиеттеринин ар түрдүү багыттар б-ча бирдей эместиги. 1669-ж. ачылган. Бардык кристаллдар А. касиетине ээ. А. чөйрөнүн ички түзүлүшүнө, кристаллдын түзүлүшүнө байланышкан. Кристаллдын физ. касиетинин А-сы алардын симметриясына байланыштуу жана канчалык симметрия тартиби төмөн болсо, А. ошончолук күчтүү болот. Мис., жарык куб торчолуу кристаллдан тышкары башка кристаллдар аркылуу өткөндө поляризацияланып, жарык нурунун экиге ажыроосу байкалат. Ар түрдүү багытта поляризация бирдей эмес болот. Гексогонал, тригонал жана тетрагонал симметриялуу кристаллда нурдун экиге ажыроосу симметриянын негизги огуна перпендикуляр багытта абдан жакшы байкалат; торчосу куб болгон жез кристаллынын кырларынын багыты б-ча чойсок, анын үзүлүүгө каршы бышыктыгынын чеги 1,5-10 1,5-108 Н/м2; ал эми куб диагоналынын багыты б-ча чою аткарылса бышыктык чек – 3,5-10108Н/ж2ка барабар. А. серпилгичтүүлүк кубулушунда, жылуулук жана электр өткөрүү, катуу нерсенин үн жана жарык таратуусунда, о. эле жутуусунда байкалат.