АНЖИЯН ШААРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АНЖИЯН – Өзбекстан Респ-сындагы шаар, Анжиян облусунун адм. борбору. Фергана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы
410 миң (2015). Темир жол түйүнү. Аэропорт бар. 9-к-дан Андукан деген ат менен белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара жана Кокон хандыктарынын курамына, 1876-ж. Россия империясынын курамына кирген. 1898-ж. Анжиян көтөрулушунун башкы борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр жай борбору. Машина куруу (электртех., ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, буткийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал өнөр жайы; гидролиз жана 2 пахта з-ду бар. Төрт ЖОЖ, тарыхый-край таануу музейи, медресе, Жами минарети (19-к-дын аягы), муз.-драма (1919), «Лола» куурчак жана Жаштар театры иштейт.ейт.