АНДРАШИ ДЬЮЛА
Jump to navigation
Jump to search
АНДРАШИ ДЬЮЛА (3. 3. 1823, Кашау – 18. 2. 1890, Волоска) – венгриялык мамл. жана саясий ишмер; граф. Венгриядагы 1848–49-ж. рев-янын жетекчилеринин бири, венгриялык рев-ялык өкмөттүн Константинополдогу дипл. өкүлү. Рев-я жеңилгенден кийин Францияга эмиграцияга кетип, сырттан эле өлүм жазасына тартылган. 1857-ж. амнистия б-ча Венгрияга кайтып келип, император Франц Иосифке берилгендигин далилдеп, ант берген. Австрия-Венгрия монархиясынын түзүлүшүнө алып келген 1867-жылдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкан.1867–71-ж. Венгриянын Министрлер Советинин алгачкы төрагасы, 1871–79-ж. Австрия-Венгрия империясынын тышкы иштер министри болуп иштеген.