АНДОРРА-ЛА-ВЕЛЬЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНДОРРА-ЛА-ВЕЛЬЯ – Андорра мамлекетинин борбор шаары. Валира д-нын боюнда, деңиз деңг. 1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар). Калкы 21,9 миң (2009). Шаардын агломерациясы Андорра-Лес Эскальдесте өлкөнүн калкынын 1/2 бөлүгү жашайт. Тамеки ф-касы; сувенир, сыр жасоочу, жүн жип ийрүү ишканалары, муз. академия, театр ж. б. бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка жана ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн. Шаар 9-к-дын башында негизделген. Ыйык Арменголь чиркөөсү (11–12-к.), өкмөттүн резиденциясы «Дом долин» (16-к.; азыр сүрөт жана тарых музейи) сакталган.